• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жапырт камалгандардын жакындары президент менен жолугушууну талап кылышты (видео)

23 Бештин айы 2022 14:17 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 23-декабрда Кемпир-Абад ишине байланыштуу камакта отурган 25тен ашуун кишинин жакындары өкмөт үйүнүн алдына барып, президент Садыр Жапаров менен жолугушууну талап кылышты.

«Биз мамлекет башчыга камактагы саясатчы, активисттер боюнча бурмаланган маалыматтар жетип жатат деп эсептейбиз. Бизди кабыл алуусун талап кылбыз»,-дешти алар.

Быйыл 23-24-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 26 адам жапырт кармалган.

ИИМ камактагы бул адамдар Жазык кодексинин «Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык» беренесинин негизинде кармалганын билдирген. Кийин аларга тагылган айып “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” деген беренеге алмаштырылып жатканы маалымдалган.

Количество просмотров: 441