• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Жапырт камоолор: Сооронкулованын ден соолугу кескин начарлап кетти

28 Жалган куран 2023 15:58 Бишкек Govori.TV

Кемпир-Абад иши боюнча кармалып Бишкектин СИЗО-1 мекемесинде камакта жаткан Конституциялык соттун экс-судьясы Клара Сооронкулованын ден соолугу кескин начарлап кетти. Бул тууралуу адвокат Чынара Жакупбекова 24.kg агенттигине кабарлаган.

Жактоочу Сооронкулова пневмонияга кабылганын тастыктап, ал операциядан кийин антисанитардык шартта жүрүп жаткан таңууларды өзү жасоого аргасыз болгонуну билдирген.

Чынара Жакупбекова оор операциядан кийин реабилитациялык мөөнөт өтпөгөн Клара Сооронкулованы ооруканага кайтарууну талап кылууда.

«Кемпир-Абад иши» боюнча абакта жаткан Клара Сооронкулованын ден соолугу начарлаганын жактоочу Чынара Жакупбекова кечээ, 27-мартта кабарлаган. Сооронкуловага 21-февралда операция жасалып, кийин кайра абакка которулган.

Количество просмотров: 102