• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Жаранды уруп жаткан милиционердин видеосу тарады. Окуянын чоо-жайы

15 Баш оона 2022 17:30 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактарда милиция бөлүмүнүн кире беришинде милиция кызматкери белгисиз адамды муштап жатканы тартылган видео тарап, талкуу жаралган.

Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы маалымат берип, окуя 13-августта болгонун билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын тургуну (аял киши) милицияга жардам сурап кайрылган.

«Анын айтымында, кечки саат сегиздер чамасында уулу үйгө мас абалында келип, мушташып, эмеректерди талкалап, чыр салган.

Бул факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, анын жүрүшүндө милиция кызматкерлери 1987-жылы туулган Ф.В.ны миция бөлүмүнө алып келишкен.

Иштин жүрүшүндө кармалган адам милиционерлердин талаптарын этибарга албай, өзүн агрессивдүү алып барып, андан соң ыкчам кызматкердин формасын айрып, мамлекеттик мүлктү талкалап, качып кетүүгө аракеттенген. Буга байланыштуу милиция кызматкерлери самбонун ыкмаларын колдонушкан», — деп айтылат милициянын маалыматында.

Басма сөз кызматы кошумчалагандай, укук коргоо кызматкерлерине карата кызматтык текшерүү жүрүп жатат.

Количество просмотров: 3559