• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Жарандык активист пикетке чыгат. Энесинен запкы жеген 3 жашар Бексултан көз жумду Соңку жаңылыктар 12.02.18. (видео)

12 Бирдин айы 2018 12:51 Бишкек Govori.TV

Бишкек.12.02.18.Govori.TV

АКТИВИСТ КАМАКТАГЫЛАРДЫН УКУГУН КОРГОП ПИКЕТКЕ ЧЫГАТ

Бүгүн 12-февралда жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Жаза аткаруу кызматынын жетекчилигинен бир жумадан бери ачкачылык кармап отурушкан саясатчылардын саламаттыгы тууралуу ачык маалымат берүүсүн талап кылып пикетке чыгат. Бул туурасында активист Govori.TV сайтына билдирди. Ал “Саясий негиздер менен камалып, ачкачылык жарыялаган саясатчылар тууралуу Жаза аткаруу кызматы «акыбалдары жакшы» дегенден башка маалымат бербей жатат. Мындан тышкары камактагы Өмүрбек Текебаевдин баскан-турганын көрсөткөн видео-көзөмөлдү алып салууну да талап кылам. Текебаев анчалык коркунучтуу террорчу же жанкечти эмес” дейт активист. Белгилей кетсек, бийликти күч менен басып алууга аракеттенди деген айып менен соттолгон Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Бектур Асанов 14, ал эми Кубанычбек Кадыров менен Эрнест Карыбеков 13 күндөн бери ачкачылык кармап жатышат.

ОРУССИЯ 12-ФЕВРАЛДЫ  АЗА КҮТҮҮ КҮНҮ ДЕП ЖАРЫЯЛАДЫ

Орусиянын Оренбург облусунун бийлиги Москванын жанындагы авиакырсыктын курмандыктарын эскерүү үчүн 12-февралды аза күтүү күнү деп жарыялады. Орск шаарынын акимияты кырсыкта өлгөндөрдүн жакындарын Москвага жеткирүүгө убада берди. Алдын ала жарыяланган маалыматка караганда, курман болгон 71 кишинин ичинде 17, 12 жана 5 жаштагы үч бала бардыгы белгилүү болду.Орск шаарынын мэриясынын маалымат кызматы кыйраган учакта Швейцариянын жараны да болгонун билдирди. Бул тууралуу орусиялык жергиликтүү гезиттер жазып чыгышты.Эске сала кетсек, 11-февралда Ан-148 үлгүсүндөгү жүргүнчү ташыган учакМоскванын «Домодедово» аэропортунан Орск шаарын көздөй учуп чыккандан кийин көп өтпөй кыйроого учурап, ичиндеги 71 киши набыт болду. Учак “Саратов аба жолдору” компаниясына таандык болчу.

ЭНЕСИНЕН ТАЯК ЖЕГЕН БАЛА КӨЗ ЖУМДУ

Оштогу энесинен депкир менен токмок жеп, жарым жан болгон 2 жашар Бекслутан көз жумду. Бул тууралуу Ош облустук балдар ооруканасынан билдиришти. Анда белгилүү болгондой, башына темир менен катуу сокку алган наристенин мээсинде шишик пайда болуп, анын дем-алуусун кыйындаткан. Ошондой эле Бексултандын ички органдары да таяктын уусунан катуу жабыркап, боору эзилип кеткендиги тууралуу айтылган болчу.Эске сала кетсек, 3-февралда 2 жаш 8 айлык Бексултан аттуу наристе оор абалда ооруканага жаткырылып, анын депкир менен катуу сабаган апасы милиция тарабынан камакка алынган эле. 24 жаштагы келин уулун шымына сийип койгону үчүн сабаганын айтып, ага “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши ачылган. Кийинчерээк, келиндин эне-атасы кызынын турмуш куруп, балалуу болгону тууралуу кабарлары жоктугу да маалым болгон.

Количество просмотров: 9