• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Фейсбукту көзөмөлдөгөн мыйзамды өкмөт жактырбай, депутат Дастан Бекешев демилгесинен баш тартты

24 Чын куран 2018 17:09 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 24.04. 2018. Govori.TV
ЖКнын депутаты Дастан Бекешев Жарандык кодекске өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорунан баш тартаарын  өзүнүн bekeshev.kg сайтына жазды. Анда Интернетте негизсиз сын жазгандарды жоопкерчиликке тартуу камтылып, моралдык чыгым катары айыпталуучуга салынган айыптын өлчөмү 20 миң сомдон кем болбошу керек экендиги жазылган.
«Тилекке каршы, мыйзам долбоору айрым журналисттер тарабынан туура эмес талданып, коомчулукка бурмаланып көрсөтүлгөн. ЖМКлар «демилге социалдык тармактардагы жана Интернеттеги сөз эркиндигин чектөөгө багытталган» деп божомолдошуп алды. Бирөөнүн беделине шек келтирген маалымат жеке адамга гана эмес, жалпы коомго да зыянын тийгизет деп ишенем. Мен бул мыйзамды мындан ары деле коргой бермекмин, бирок Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн каршы бүтүмү буга бөгөт койду. Келечекте министрлер кабинети мындай мыйзам долбоору керек экенин өздөрү түшүнүп, чыгарган бүтүмүнө өкүнөр» — деген эл өкүлү.
Белгилей кетсек буга чейин Кыргызстандагы коомчулук өкүлдөрү Жарандык кодекске киргизүүгө сунуш кылынган өзгөртүүлөрдү сындап, аларды сөз эркиндигине кысым катары сыпатташкан.
Количество просмотров: 4