• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Жарандык активист Айбек Бусурманкулов кармалды

23 Кулжа 2020 21:22 Бишкек Govori.TV

Жарандык активист Айбек Бусурманкулов кармалып, Талас райондук ички иштер бөлүмүнө алып келингени кабарлану Бул тууралуу фейсбук колдонуучу Кундуз Ажибекова жазды.

Айбек Мырза (Aybek Myrza) задержала 10 управление милиции в Таласе, без объяснения причин.Напомню что он выступает за…

Опубликовано Кундуз Ажибековой Вторник, 23 июня 2020 г.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Бусурманкулов баштаган жергиликтүү активисттер 24-июнда «Жерүй» алтын кени боюнча жыйын өткөрүүнү пландап жаткан.

Бул арада  Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Динара Сарногоева “Азаттыкка”  жарандык активист Айбек Бусурманкулов «Жерүй» алтын кени боюнча жыйын өткөрүүнү пландап жатканына байланыштуу кармалганын маалымдаган.

“Митингге чакырып, чогулуш уюштурабыз деген маалыматтар бар болчу. Ошол боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн кармалды”,-деп билдирген Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы.

Жарандык активист качан кое берилерин жана башка маалыматтар кийин бериле туганы белгилүү болду.

Количество просмотров: 176