• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жапырт камоолор: Таластын мурдагы губернатору камакта калды

12 Бештин айы 202219:20 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 12-декабрда Кыргызстанда башаламандык уюштурууга шек саналып, жапырт кармалган саясатчылардын жана активисттердин бөгөт чарасы каралып жатат.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Таластын мурдагы губернатору Айбек Бусурманкуловду 2023-жылдын 20-февралына чейин камакта калтырды.

Белгилей кетсек, 23-октябрда милиция бир катар саясатчы, жарандык активисттердин үйлөрүн массалык түрдө тинтүүгө алып, өздөрүн кармап кеткен. ИИМ Кылмыш-жаза кодексинин 36 («Кылмышка даярдык көрүү») жана 278-беренеси («Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу») боюнча кылмыш иши ачылганын билдирди. Кармалгандар Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы позициясын билдирип келишкен.

Количество просмотров: 3359