• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Жарандык активистке белгисиз кишилер ок атышты

27 Баш оона 20199:04 Бишкек Govori.TV

Бишкек.27.08.2019.Govori.TV.

Алматы облусунун Талгар шаарында 26-августта белгисиз бирөөлөр жарандык активист Галина Арзамасовага ок атышты.

Ал Талгар райондук акимчилигинин имаратынан жыйырма метр аралыкта турган автоунаадан пневматикалык тапанча менен атышканын билдирди. “Ок жамбаш сөөгүмө тийди”, – деди Арзамасова.

Окуя болгон жерге дарыгерлер келип, ооруканага жатууну сунушташкан. Полиция эч кандай чара көргөн эмес. Арзамасова райондук ички иштер бөлүмүнө өзү барып, арыз жазууга ниеттенүүдө.

Жарандык активист акимчиликтен видеокөзөмөл камерасындагы жазууларды да суроодо.

Ички саясат башкармалыгынын өкүлү Толкын Саметова учурда полиция бул окуяны текшерип жатканын кабарлады.

Арзамасова аким менен жолугушуунун алдын алуу үчүн ок атылган болушу ыктымал деп эсептейт. Ал мамлекеттик органдардын ачык иштөөсүн талап кылып жүргөн активист. Галина Арзамасова токойлуу жерлердин сатылышына каршы чыгып, элге таанылган. Активист 2017-жылы эки жолу кол салууга кабылганын билдирген.

Количество просмотров: 37