• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Жарандык көзөмөл комитети маданият министринин отставкасын талап кылууда

13 Үчтүн айы 2021 9:33 Бишкек Govori.TV

Жарандык көзөмөл комитети Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбековдун отставкасын талап кылууда. Бул тууралуу аталган комитет Фейсбук баракчасына жазды.

Маалыматка караганда, Кадырбековдун билдирүүлөрү адамдын фундаменталдык укуктары жана эркиндиктерине шек келтирет деп эсептейт.

«Уят сөздөр артисттер жана маданият ишмерлерге карата репрессия жүргүзүүгө негиз болушу мүмкүн эмес — анткени жашы жете элек балдардын адеп-ахлак тарбиясы алардын ата-энеси аткара турган иш, мамлекеттики эмес. Ар бир ата-эне өзүнүн жашы жете элек балдарына камкордук көрсөтүп, артисттердин көрсөтүүлөрүнө чектөө коюуга укуктуу. Буга бардык техникалык мүмкүнчүлүктөр бар», — деп билдирди Жарандык көзөмөл комитети фейсбук баракчасында.

Мындан сырткары комитет Маданият, маалымат жана туризм министрлигин жоюуну сунуштады.

Окуянын чоо-жайы:

Буга чейин ырчы Курал Чокоевдин Ютуб каналындагы долбоору коомчулукта кызуу талкуу жараткан. Артисттин бул долбоорунун айрым үзүндүлөрүн маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков аргасыздан көргөнүн, ырчы эмнеге мындайга барганын түшүнө албай жатканын айтып, элден кечирим сурады. Ошондой эле Курал Чокоев менен Кайрат Примбердиевдин чыгармачылыгына чектөөлөр киргизилерин айткан.

Количество просмотров: 91