• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жарандык көзөмөл комитети Жапаровдун тарапташтарынын коркутуп-үркүтүүлөрү боюнча билдирүү таратты

26 Жетинин айы 2020 10:40 Бишкек Govori.TV

ЖАРАНДЫК КӨЗӨМӨЛ КОМИТЕТИ, САДЫР ЖАПАРОВДУН ТАРАПТАШТАРЫ КОЛДОНУП ЖАТКАН КАСТАШУУГА, АЛ ТУРСУН ТЕРРОРИСТТИК ЫКМАЛАРГА ДА ДАЯР ЭКЕНДИГИН БИЛДИРГЕН КОРКУТУП-ҮРКҮТҮҮЛӨРГӨ КАРШЫ КҮРӨШҮҮДӨ ЖАРАНДАР МЕНЕН УКУК КОРГОО ОРГАНДАРДЫ ӨЗ ИШ-АРАКЕТТЕРИН БИРИКТИРҮҮГӨ ЧАКЫРАТ!

Билдирүүдө, Конституциялык реформанын айланасындагы жарыш сөздөр менен талаш-тартыштар, бул маселенин ар бир жаран үчүн зор мааниге ээ болгондугуна байланыштуу өтө курч мүнөзгө жетти, деп айтылат.

«Кыргыз Республикасы – бул ар бир инсан сөз эркиндигине жана өз ой-пикирин ачык билдирүүгө укугу бар эркин өлкө. Бирок буга чейин Кыргызстандын тарыхында, эч качан кимдин болбосун жар салган көз караштары азыр Садыр Жапаровдун тарапкерлери жаадырып жаткан мындай даражадагы касташуу менен коркутуп-үркүтүүлөргө алып келген эмес. Ал эле эмес, атаандаш, башка ой-пикирлерди айтып жаткан коомдук жана саясий ишмерлерди өлтүрөбүз жана аларга каршы терроризм актыларын уюштурабыз деп коркутушууда», — деп айтылат маалыматта.

ЖАРАНДЫК КӨЗӨМӨЛ КОМИТЕТИ оозеки опузалоо да кылмыш экендигин эске салып, жарандарды социалдык тармактар жана ар түрдүү байланыш кызматтары аркылуу таратылган ошондой маалыматтарды созсуз өтө тыкан документтештирип, укук коргоо органдарына жиберүүгө чакырат.

Бул максатта ошондой жосунсуз жоруктарды жасагандардын аты-жөнүн, телефон номерин, жашаган жеринин дарегин жазып алып, сүрөттөрү менен скриншотторун кечиктирбестен көчүрүп алуу керек. Мунун өзү бирөөлөрдү коркутуп-үркүтүп жаткандардын ким экендигин аныктоодо укук коргоо органдарына жардам берет. Бардык мамлекеттик органдар жарандардын арыз-даттанууларын электрондук түрдө дагы кабыл алууга милдеттүү.

«Биз укук тартип органдарын карапайым калк менен кеңири кызматташууга, ошондой эле кибер-кылмыштардын алдын алуу үчүн түшүндүрүү иштерди жүргүзүүгө чакырабыз. Террористтик актыларды өткөрөбүз деген кээ бир коркутуп-үркүтүүлөр чет өлкөлөрдүн аймагынан келип жатат. Кыргыз Республикасында жайгашкан эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүн жана чет мамлекеттердин элчиликтерин Кыргызстандын өкмөтү менен укук коргоо органдарына биздин өлкөдө улам күч алып бара жаткан радикализм менен терроризмге каршы күрөшүүдө жардам берүүгө үндөйбүз!», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 135