• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жарандык көзөмөлдөө комитети мыйзам долбоору боюнча кайрылуу жасады

18 Жетинин айы 2020 17:57 Бишкек Govori.TV

Жарандык көзөмөлдөө комитети баардык прогрессивдүү күчтөрдү биригүүгө чакырат.

«Айрым партиялардын жиркеничтүү, кир шайлоого катышкан депутаттар Бакиевдердин юристтеринин жардамы менен, эшикти бекем жаап алышып, Кыргызстандын элин эркинен ажыратууну көздөп конституциянын долбоорун иштеп чыгышыптыр.
Ыйгарым укугунун мөөнөтү өткөн Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын 80 депутаты масштабдуу конституциялык реформаны демилгелеп отурушат. 2020-жылдын 4-октябрында массалык протесттердин натыйжасында эл добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгарууга жетишти, ал эми Жогорку Кеңештин 6-чакырылышы учурдан пайдаланып өзүнүн ыйгарым укугун өзү узартып алган. Парламентке болгон шайлоо учурунда дал ушул партиялар — БИРИМДИК, КЫРГЫЗСТАН жана МЕКЕНИМ КЫРГЫЗСТАН – мурда болуп көрбөгөндөй басым, коркутуу, мажбурлоо жана сатып алуу жолдору менен Жогорку Кеңештеги мандаттардын дээрлик көпчүлүгүн басып алууну көздөшкөн.
Эми ошол эле күчтөр Кыргызстан элин экринен ажыратып, авторитардык түзүлүш орнотуп, өлкөнү орто кылымга кайрып барууну каалашууда.
Депутаттардын аракети мыйзамсыз жана конституцияга каршы. Колдонуу мөөнөтү өткөн, элдин ишенимине татыбаган Жогорку Кенештин мамлекеттик курулушту өзгөртүүгө моралдык да, саясий да, укуктук да ыйгарым укугу жок», — деп жазылат алардын кайрылуусунда.

Белгилей кетсек, 17-ноябрда парламенттин расмий сайтына Жогорку Кеңештин 80 депутаты тарабынан демилгеленген Конституциянын жаңы мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Кыргызстандын Баш мыйзамын өзгөртүү боюнча саясатчылар, активисттер каршы пикирлерин айтып баштады.

Количество просмотров: 46