• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Жарандык никедеги жолдошунун акчасын уурдоого шектүү аял кармалды

3 Бугу 2021 9:25 Бишкек Govori.TV

2021-жылдын 13-апрель күнү Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү жашоочу 1982-жылы туулган М.С. аттуу жаран арыз менен кайрылып, жарандык никеде жашаган аялы жаш балдарын таштап, 5700 АКШ долларын уурдап белгисиз тарапка из жашырып кеткенин билдирген. Бул тууралуу Чүй ОИИБнин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалымат боюнча, окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

«Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн териштирүү иштери учурунда, арыздануучу жарандык никедеги аялы менен үч жылдай жашап эки балалуу болушкан. Ал аялынын аты жөнүнөн башка анын туугандары жана өзү тууралуу эч кандай маалыматтарды билбей турганы аныкталган.

Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында ал аял күйөөсүнө чет мамлекеттердин бирине кетип жатканы тууралуу видео кайрылуу жөнөткөндүгү маалым болгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы аялдын жүргөн жерин аныктоо боюнча бир катар ыкчам тергөө иш-амалдары жүргүзүлүп, жыйынтыгында ал аял жарандык никедеги күйөөсүнө башка ат менен таанышып жашап жүргөнү такталып, анын чыныгы аты жөнү аныкталган. Ал 1889-жылы туулган К.А. аттуу аял экендиги ал буга чейин 13 ирээт кылмыш жоопкерчилигине тартылып, Ысык-Көл облустук ИИБы тарабынан ага карата издөөдө жарыялангандыгы такталган», — деп айтылат маалыматта.

Милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы аял кармалып, Жайыл РИИБдүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында зарыл болгон териштирүү иштери жүргүзүлгөн соң материал сот органдарынын кароосуна жөнөтүлгөн.

Количество просмотров: 139