• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Жардам керек! Дайынсыз жоголгон 17 жаштагы кыз изделүүдө (сүрөт)

25 Тогуздун айы 201910:13 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ички иштер бөлүмү дайынсыз жоголгон 2002-жылкы Кубатбек кызы Кундузга издөө салат.

undefined

Облустук милициядан билдиришкендей, Кундуз 17-октябрь күнү саат 07:30дар чамасында Ивановка айылынын Молодежная көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Өзгөчө белгилери: бою 168-170 см, орточо дене түзүлүштөгү, көздөрү кара, ичке, оозунун алдыңкы эрининде калы бар.

Кийимдери: кызыл-жашыл түстөгү согулган кардиган, көк түстөгү көйнөк, көгүш түстөгү шым жана кара түстөгү бут кийим.

Кубатбек кызы Кундуздун кайда экенин билгендер болсо, Ысык-Ата районунун ИИБсине төмөнкү телефондор боюнча кайрылып коюңуздар: 0(312) 61-69-07 жана 0(707) 25-79-02 “102” кызматына.

Количество просмотров: 11301