• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Жардам керек! Ошто дайынсыз жоголгон 17 жаштагы кыз изделүүдө

16 Бугу 202217:01 Бишкек Govori.TV

Ош облусунда Алай райондук ички иштер бөлүмү тарабынан 17 жаштагы Авазбек кызы Зарина изделүүдө. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кара-Суу районунун Мады айылынын 2005-жылы туулган тургуну Авазбек кызы Зарина 2022-жылдын 29-апрель күнү болжол менен саат 13:30дө Алай районунун Гүлчө айылынан чыккан бойдон кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 155-160 см, ортодене түзүлүштө, чачы, кашы-көзү кара.

Кийимдери: кызыл түстөгү футболка, көк шым, ак түстөгү бут кийим.

«Авазбек кызы Заринаны көргөндөр же кандайдыр бир маалымат билгендер болсо төмөнкү телефондор аркылуу маалымдоону суранабыз: (03234) 5-14-72, 0558 82-48-80, 0704 89-30-34», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 3030