• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жарыгы жок жашаган Жаз-Кечүүдөгү элдин азабы (видео)

16 Үчтүн айы 2020 9:33 Бишкек Govori.TV

Базар-Коргон районуна караштуу алыскы Жаз-Кечүү айылына дагы деле электр жарыгы жете элек. Тоо койнунда жайгашкан айылды башка аймак менен байланыштырчу жол ноябрь айында эле жабылып калат. Бул тууралуу Turmush басылмасы жазды.

Жаз-Кечүү айылынан Каду айылы тарапты көздөй келе жаткан эл жалгыз аяк жолду таппай кыйналып бара жатканын жергиликтүү тургундар видеого тартып алышкан. Анда жашоочулар араң жол таап баратышканын көрүүгө болот .

Ал эми айыл башчы Замирбек Масиркулов кышкысын айыл эли үчүн каттам кыйынчылык жаратарын айткан.

«Жергиликтүү тургундар жаз, жай айларында жеке менчик унаалары менен катташат. Райондун борборунан Жаз-Кечүү айылына чейин 110 чакырымдан ашат. Анын 20 чакырым аралыгы ноябрь айында эле жабылып, апрелге чейин унаа каттамы болбойт. 20 чакырым аралыкты ат менен 4 сааттан ашык басып өтөбүз. Кыш мезгилинде жергиликтүү тургундар ат менен катташат. Тоолуу аймак болгондуктан 20 чакырым аралыктагы ашуулардан өтүү кыйынчылык туудурат. Айыл тургундары үчүн жол салынып, электр жарыгы берилсе, эң негизги көйгөй чечилмек», — деп билдирген айыл башчы.

Кошумчалай кетсек, Жаз-Кечүү айылында 600дөй адам бар. 100 орундуу мектеп жана ФАП иштейт. Атагы чыккан айылга электр жарыгын жеткирүү үчүн адистердин эсеби боюнча (Сузак тараптан тартылса) 22 чакырым аралыкка электр чубалгыларын тартуу керек. Эгер 10 кВт электр чубалгысы тартылса 44 миллион сом, 35 кВт электр чубалгылары тартылса 142 миллион сом жумшалышы мүмкүн. Азырынча өкмөт айылды жарыктандыруу боюнча бир жыйынтыкка келе элек.


Количество просмотров: 2742