• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жарым жылда 3 миңге жакын унаа кырсыгы катталды

8 Баш оона 202314:34 Бишкек Govori.TV

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча үстүбүздөгү жылдын январь-июнь айларында республиканын аймагында 3 миңге жакын жол кырсыгы катталды.

Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, өткөн жылдын январь-июнуна салыштырмалуу кырсыктардын саны 1,3 пайызга азайган.

«Жол кырсыктарынын эң көп үлүшү Бишкек шаарына — 45%, Чүй облусуна — 19% жана Ош облусуна — 10% туура келет. Кырсыктан 4,4 миң адам жабыр тартты, бул 2022-жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 5 пайызга аз, каза болгондор — 269 адам, же 8,5 пайызга көп болду», — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, анын ичинен 820 учуру балдардын катышуусунда болгон. Бул өткөн жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу 2,2 пайызга көп. Натыйжада 38 бала каза болуп, 981 бала жабыр тартты.

153 жол кырсыгы мас айдоочунун катышуусунда катталып, бул өткөн жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 17 пайызга азайды.

Количество просмотров: 111