• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Жасалма акча сатууга аракет кылган адамдар кармалды (видео)

12 Тогуздун айы 2022 12:44 Бишкек Govori.TV

УКМК республикага жасалма АКШ долларларын жеткирүү каналы аныкталып, бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта атылгандай, ушул жылдын 10- октябрында Бишкек шаарында 5 700 АКШ доллары өлчөмүндөгү жасалма банкноттордун партиясын сатууга аракет кылган А.С.А. жана С.У.С. аттуу Кыргыз Республикасынын жарандары кармалды. Ошол эле учурда бул адамдар криптовалюта (электрондук акча) сатып алууну көздөгөндүгү аныкталган.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (Акчаны жана баалуу кагаздарды жасалмалоо) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, А.С.А. жана С.У.С. аттуу жарандар КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-97-беренелерине ылайык кармалып жана мындан аркы тергөө жана ыкчам иш-чараларды жүргүзүү үчүн КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Количество просмотров: 489