• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жасалма доллар саткан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

26 Теке 2021 17:45 Бишкек Govori.TV

УКМКнын кызматкерлери кылмыштуу казынаны толтуруу үчүн жасалма доллар саткан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 24-июлда УКМКнын кызматкерлери тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун 3 мүчөсү: С.С., М.А. жана М.У. кармалып, алар жашаган үйлөргө тинтүү жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында жасалма 6800 АКШ доллары табылган.

Кармалгандардын бири буга чейин Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 202-беренеси (каракчылык) боюнча сот жообуна тартылып, №26 жатак абагында жаза өтөгөн.

Кармалгандар убактылуу камакка алынып, тергөө уланууда.

Количество просмотров: 337