• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Жасалма күбөлүк колдонуп жүргөн адам кармалды

27 Тогуздун айы 20209:32 Бишкек Govori.TV

2020- жылдын 25-октябрда Милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып, болжол менен саат 01:40 чамасында Чүй көчөсү менен Манас көчөлөрүнүн кесилишинен Тойота Камри үлгүсүндөгү авто унааны токтотуп, документтерин текшерүү учурунда 1993-жылы туулган К. А аттуу жаран өзүн Кыргыз республикасынын кылмыштуулук жана корупцияга каршы күрөшүү комитетинде иштегендиги тууралуу күбөлүгүн көрсөткөн. Ошондой эле мас абалында унаа башкарганга шектелгендиктен спирт ичимдигин текшерүү учурунда мас абалында унаа башкаргандыгы аныкталган. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Азыркы учурда авто унааны мас абалында башкаргандыгы үчүн убактылуу токтотуучу короо жайга токтотулуп, ал эми айдоочуну жасалма документ алып жүргөндүгү үчүн Биринчи май райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Бул факты боюнча Биринчи май райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана Жооруктардын бирдиктүү реестрттине катталып, Кыргыз республикасынын Жазык кодексинин 359- берененин (Документтердин жасалмасы) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Количество просмотров: 51