• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

Жасалма номур тагылган Ламборджини айып короого киргизилди

12 Бирдин айы 202010:44 Бишкек Govori.TV

Бишкекте пайда болгон «Ламборджини» үлгүсүндөгү спорттук унаага жасалма номур тагылган. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Түзүмдүн маалыматы боюнча, 10-февралда Орозбеков менен Киев көчөлөрүнүн кесилишинде жасалма номур тагылган унаа токтотулганы тууралуу билдирүү түшкөн. Айтылган дарекке барган милиция кызматкерлери унаанын номуру жасалма экенин аныкташкан.

«Биринчи май РИИБдин тергөө тобу чакырылган. Айдоочу — 1992-жылы туулган М.Н. унааны эвакуациялоого тоскоолдук жаратып, андан кийин унааны айып короого жеткирди. Бул факт Жоруктар жөнүндө кодекстин 173-беренеси (транспорттук каражаттын идентификациялык номерин жасалмалоо же жок кылуу) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейин өндүрүш иши башталды», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 133