• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Жасалма номур тагылган «Ламборджининин» ээси түшүндүрмө берди (видео)

12 Бирдин айы 2020 13:24 Бишкек Govori.TV

Буга чейин «Elite House» курулуш компаниясынын негиздөөчүсү жана ээси Тимур Файзиевге таандык «Ламборджини» үлгүсүндөгү спорттук унаага жасалма номур тагылып жүргөндүктөн айып короосуна токтотулганы тууралуу маалымат тараган.

Ал эми Тимур Файзиев бул тууралуу түшүндүрмө берип, аладын үй бүлөсүнө таандык, тагыраагы өзүнө жана апасына таандык болгон эки унаанын номурлары 99 пайызга окшош болгонун билдирди. Бул тууралуу ал видео жайгаштырып, номурлар алмашып гана кеткенин айтты.

Эске салсак, 10-февралда Орозбеков менен Киев көчөлөрүнүн кесилишинде жасалма номур тагылган унаа токтотулганы тууралуу билдирүү түшкөн. Айтылган дарекке барган милиция кызматкерлери унаанын номуру жасалма экенин аныкташкан.

«Биринчи май РИИБдин тергөө тобу чакырылган. Айдоочу — 1992-жылы туулган М.Н. унааны эвакуациялоого тоскоолдук жаратып, андан кийин унааны айып короого жеткирди. Бул факт Жоруктар жөнүндө кодекстин 173-беренеси (транспорттук каражаттын идентификациялык номерин жасалмалоо же жок кылуу) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейин өндүрүш иши башталды», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 584