• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

Жасалма паспорт алууга аракет кылган Өзбекстандын жараны кармалды

30 Жалган куран 202318:55 Бишкек Govori.TV

КР жаранынын жасалма паспортун алууга аракет кылган Өзбекстандын жараны “Х.А.Х.” кармалды. Бул тууралуу КР УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК органдары тарабынан ЭТУга каршы аракеттенүү боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Ал “И.М.”» ЭТУнун эмиссарларынын жардамы менен КР жаранынын жасалма паспортун алып, САРдын согуштук зонасы чыгууга аракет кылган.

Аталган Өзбекстандын жараны ЭТУ/ДЭУга тиешеси бар экендиги үчүн Өзбекстандын аймагында издөөдө жүргөнү аныкталды. Учурда бул фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 125