• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Жаш кыз зордукталып, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Милиция маалымат берди

30 Аяк оона 202511:17 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдө изделип жаткан 17 жаштагы кыз зордукталып, өлтүрүлүп, анын жансыз денеси Боомдон табылганы кабарланган. Окуя боюнча ИИМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы маалымат берди.

Анда айтылгандай, 27-сентябрда Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүнө Барскоон айылынын тургуну Т.А. жана Тоң районунун тургуну К.Н. арыз менен кайрылышып, 2008-жылы туулган М.А. Каракол шаарындагы курбусуна чыгып, ошол бойдон үйүнө кайтып келбегендигин билдиришкен.

Арыз Жети-Өгүз РИИБдин МЭЖне катталып, тергөөгө чейинки текшерүү жана издөө иштерине алынган.

Ыкчам аракеттердин натыйжасында шектүү Бишкек шаарында, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы жана Ысык-Көл ОИИБдин кызматкерлери тарабынан кармалган. Ал 1984-жылы туулган, Бишкек шаарынын тургуну А.К. экени такталган.

«Алдын ала сурак маалында шектүү А.К. 27-сентябрда жашы жете элек М.Аны күч колдонуп зордуктап, мыкаачылык менен өлтүргөнүн жана анын жансыз денесин Чүй облусунун Кемин районунун аймагына таштап кеткенин мойнуна алган. Факт Жети-Өгүз РИИБдин КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Шектүү А.К. 2025-жылдын 30-сентябрында Жети-Өгүз РИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган», — деп жазылат маалыматта.

Азыркы учурда ар тараптуу жана толук кандуу тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат жана тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Количество просмотров: 443