Бишкек.18.04.2019.Govori.TV.
“2020-жылы өтө турган парламенттик шайлоого аттанабыз” — деп турган “Улут ордо”, “Эрк”, “Жаратман эл” партияларынын мүчөлөрү шайлоо учурундагы айрым шарттарга нааразы. Бул тууралуу Расул Тулеев жыйында айтты.
Парламенттик шайлоодо саясий партиялардын шайлоо күрөөсүн төмөндөтүү демилгеси көтөрүлүп, элдик демилге менен 10 миң кол топтоо аркылуу сунушталат. Жаңы сунушталып жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, күрөөнү 5 миллион сомдон 1 миллион сомго төмөндөтүү болуп саналат.
Эскерте кетсек, кол топтоо 12-апрелде башталып, учурда миңге жакындап калган.