Бишкек.08.01.2019.Govori.TV.
Жаңы жылдан тарта күчүнө кирген кодекске ылайык «таштандыны атайын каралган жерлерден башка жерге ыргытуу, өрттөө жана түкүрүү» 5500 сом айыппул менен жазаланат.
Бул мыйзам ишке ашырыла баштагандан тартып коомдо ар түрдүү пикирлер жаралды.
Ал эми бул маселенин айланасында жаралган пикирлердин бири катары апасы балдарынын моюнуна «түкүргүч» илип эшикке оюнга жиберип жатканы тууралуу тасма интернет айдыңында кызыгуу жаратты.