• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

Жаштар альтернативдүү өкмөт башчылыкка Токтогазиевди көрсөтүшүүдө

7 Тогуздун айы 2020 14:48 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 7-октябрда «Ала-Тоо» аянтында кайрадан митинг болууда. Анда эскилерге каршыбыз дегендер чогулуп, жаңы жүздөрдүн келүүсүнө жол ачып берүүнү айтышууда.

Кийинчерээк митингдин катышуучулары альтернативдүү өкмөт башчы катары «Ата-Мекен» саясий партиясынан талапкер Тилек Токтогазиевди аянттан өкмөт үйүнүн имаратына алып барып, бирок имаратка кире албай турушат.

6-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйын чакырыш үчүн кол топтоп, эки жерде чогулушкан. «Достук» мейманканасында чогулган бир нече депутат катышкан жыйынга VI чакырылыштын вице-спикери, «Мекеним Кыргызстан» партиясынын лидери Мирлан Бакиров төрагалык кылып, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жана өкмөт башчы Кубатбек Боронов өз кызматтарынан ыктыярдуу кетүүнү суранган арыздарын тааныштырып, жаңы өкмөт башчы жана спикерди дайындоо процедурасы жүргөн.

Ага ылайык Жогорку Кеңештин VI чакырылышына спикер болуп Мыктыбек Абдылдаев жана өкмөт башчылыгына Садыр Жапаров сунушталган.

Количество просмотров: 857