• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жаштар мамлекеттик телеканалдардан бекер убакыт берүүсүн сурашты…

12 Жетинин айы 2018 11:31 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 12.11.2018. Govori.TV
Бүгүн, 12-ноябрда мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков жаштар күнүнө арналган республикалык жаштар конгрессинин делегаттары менен жолугушууда.
Анда эн мыкты жаштар долбоорлорун сунуштоо учурунда  иш-чаранын катышуучусу Эрмек Адылбеков «Ачык асман» демилгеси боюнча долбоор менен тааныштырды.
Ал учурда экологиялык роликтерди мамлекеттик телеканалдар аркылуу чагылдырууда кыйынчылыктар болуп жатканын белгилеп, ал үчүн атайын бекер убакыт берилүүсүн сунуштады.
«Мамлекеттик телеканалдар аркылуу экологиялык роликтерди чагылдырууда бир канча каражат төлөнүшү керек. Бул маселеге активисттер же экологиялык уюмдар эле эмес, бардыгыбыз кызыктар болушубуз зарыл. Ошондуктан экологиялык роликтерди телеберүүлөр аркылуу акысыз чагырууну сунуштайбыз», — дейт Эрмек Адылбеков.
Эске салсак, бул жыйын эки жылда бир жолу болуп, анда жаштардын долбоорлору каралып, ой пикирлери талкууланат.
Количество просмотров: 20