• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Экинчи кварталынын отчетторун 1-октябрга чейин берсе болот

25 Теке 2020 10:00 Бишкек Govori.TV

2020-жылдын экинчи кварталындагы жана/же 2020-жылдын 1-июнунан 31-августуна чейинки отчеттук мезгилдер үчүн бир катар отчеттуулук үстүбүздөгү жылдын 1-октябрына чейин узартылды. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов кол койду. 


Тактап айтканда төмөнкүлөрдү берүү мөөнөтү узартылы: 

  • салыктык отчеттуулукту, Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймактарынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды импорттоодо кыйыр салыктар боюнча салыктык отчеттуулуктан тышкары;
  • мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча отчеттуулукту;
  • жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр боюнча отчеттуулукту.

Бул чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Кризиске каршы чараларды ишке ашыруунун алкагында кабыл алынып, аймактык салык органдарында калктын топтолушун жокко чыгарууга жана «COVID-19» коронавирус инфекциясынын таркалуу коркунучун жана тобокелдиктерди минималдоого багытталып, ошондой эле бизнес коомчулуктун кайрылууларына байланыштуу кабыл алынды. 

Ушул токтом 2020-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирди. 

Количество просмотров: 71