• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

«Жаштар шылуундарга алданып жатат». Депутат Кадырбеков мигранттардын укуктарын коргоо керектигин айтты

17 Бирдин айы 2022 11:25 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков парламенттин жалпы жыйынында жаш өспүрүм балдардын Орусияга иштеп кетүүсү тууралуу маселе көтөрүп, бул багытта көнүл бурууну суранды.

Анын айтымында жаш балдар акчага кызыгып шылуундардын кылтагына илинүүдө.

«Орусияга барса эле асмандан жамгыр болуп доллар жаап жаткансып, 11-классты бүткөн балдар паспорт алары менен кетип калып жатышат. Ата-энеси ойлонбой туруп эле жиберүүдө. Өткөн жылды баңги заттарды таратты, сатты деп 201 бала кармалыптыр. Алар ошол бизнесте жүрөт дейсиздерби. Алар шылуундарга алданып жатат. Мигранттардын укуктарын коргоо боюнча система ойлоп табышыбыз керек», — деди Кадырбеков.

Количество просмотров: 121