• Ишенби 4 Теке 2026
  • Суббота 4 Июль 2026

“Жаштык” лагери сатылбайт, ремонт иштери жүрүп жатат

30 Бугу 201912:40 Бишкек Govori.TV

Бишкек.30.05.2019.Govori.TV.

Ош шаарында жайгашкан «Жаштык» лагери сатылат деген маалымат социалдык тармактарда кызуу талкууланууда. Аталган маалыматтын чоо-жайын аныктоо үчүн Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсатаровго байланышканыбызда ал төмөнгүдөй түшүндүрмө берди:

“Жаштык лагери мамлекетке тиешелүү болгондуктан, жеке менчикке чыгып же болбосо сатылып кетиши мүмкүн эмес. Социалдык тармактардагы чыккан маалыматтар калп. Буга чейин Ош шаарынын мэринин дагы айткан сөзү бар «Мэрияга тиешелүү болгон жерлердин бир дагы чарчы метри сатылбайт» деген”,- деп билдирди А.Абсатаров.

Белгилей кетсек, “Жаштык” лагери 2009-жылдан бери ишке жараксыз болуп, учурда оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 14