• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Жашы жете элек кызды ала качкандар кармалды

3 Бирдин айы 2021 12:16 Бишкек Govori.TV

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККБ) кызматкерлери бүгүн, 3-февралда болжол менен саат 9:00 чамасында жашы жете элек кызды ала качуу аракетин алдын алды.

Чүй облустук ЖКККБ басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкек – Манас аэропорту унаа жолунда стационардык постто кызмат өтөп жаткан Чүй облустук ИИББ караштуу ЖКККБ кызматкерлери 2004-жылы туулган жашы жете элек кызды аялдыкка ала качуу аракетин алдын алышты.

Белгиленгендей, стационардык постто кызматкер 2001-жылы туулган айдоочу башкарып бара жаткан “Хонда Степвагон” маркасындагы унааны токтоткон. Документтерди текшерүүдө анын катуу коркуп жатканынан шектенген инспектор кимдир бирөөнүн унаанын ичинен айнегин катуу тыкылдатып жаткан байкаган. Жакын барып, машинада жаш кыз жана анын жанында 20 жаштагы бала отурганын көрөт. Ыйлап жаткан кызды сураганда аны Токмоктогу мектептердин биринен ала качып, аэропортко жакын айылдардын бирине алып барышканын айтат.

Учурда, 2001-жылы туулган айдоочу И.М. жана 2001-жылы туулган ала качкан бала кармалып, Сокулук районунун Ички иштер башкармалыгынын ыкчам тергөө тобуна өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 245