• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

«Жашыл аянттар талкаланып, шаардын көркү кетти». Жапаров Бишкек тууралуу…

31 Үчтүн айы 202217:23 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарынын коллегиялык жыйынына катышты. Жыйындын жүрүшүндө борбор калаанын өткөн жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы жана үстүбүздөгү жылга коюлган пландары тууралуу маалымат берилди.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев аталган тема боюнча баяндама жасады.

Өз кезегинде Жапаров акыркы жылдары көп катачылыктарга жол берилгенин белгиледи.

«Жашыл аянттар талкаланды, ирригациялык тутумдар бузулду, иретсиз жана башаламан курулуштардан улам шаардын көркү кетти. Бирок, келечекте биздин борбордо олуттуу өзгөрүүлөр орун алат. Бишкек шаары өлкөнүн экономикасынын 70%ын камтыйт. Ал – маданияттын, илим жана билимдин борбору. Борбордо өлкөнүн бийлик органдары топтолуп, акыл калчап, келечекти аныктоочу чечимдер кабыл алынат. Жалпы катышуучуларды муну терең аңдап түшүнүүгө чакырам. Бардык алдыңкы жана жаңычыл демилгелер дал ушул Бишкектен башат алышы шарт. Мезгил талабын сезип, адамзаттын алдыңкы жетишкендиктеринен маалымдар болуп турушубуз керек. Мунун баары сиздердин ой-акылдан, багытыңыздардан, эркиңиздерден жана күч-аракетиңиздерден көз каранды болуп саналат. Борбордогу чиновниктер Бишкектин гана эмес, бүтүндөй республиканын аң-сезимин реалдуу түрдө өзгөртүүгө мүмкүнчүлүгү жетет. Өзүңөрдүн үлгүлүү ишиңиздер, демилгеңиздер аркылуу өлкөнүн өнүп-өсүүгө багыт алуусуна салым кошо аласыздар», — деп белгиледи Акылбек Жапаров. 

 Ошондой эле ал борбордун турмушуна жарандык коомдун активдүү катышуу маселесине токтолду.

«Борбор шаарыбыздын социалдык жоопкерчилиги жогору,  активдүү тургундары тууралуу кошумчалай кетейин. Алардын шаарды өнүктүрүүдөгү ролу маанилүү деп эсептейм. Алгач ирет административдик ресурстун кийлигишүүсү жок, парасыз шайлоонун өтүшү көрсөткөндөй, шаардыктар жакынкы мезгилде депутаттыкка татыктуу эл өкүлдөрүн гана шайлай алат. Бишкектин эки районунда шайлоонун үзгүлтүккө учурашы сыяктуу мындай көрүнүш тарыхта болгон эмес. Мунун өзү адамдардын аң-сезими жана жоопкерчилиги жогорулагандыгынан кабар берет. Биз бул окуяны күнүмдүк ишибизде эске алуубуз керек. Адамдар баарын көрүп-билип турат. Бардык деңгээлдеги чиновниктердин милдети шаардыктардын пикирин угуп, иликтеп, алар менен тыгыз иш алып баруу», — деп кошумчалады ал.

Количество просмотров: 453