• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жайлоодогу өнүгүү борборлорундагы жеткинчектер айрым улуттук үрп адаттарды үйрөнүүдө

27 Теке 2018 17:09 Бишкек Govori.TV

Бишкек.27.07.2018.Govori.TV.

Баткен облусуна караштуу Кадамжай районундагы Ак шоола жайлоо бала бакчасында учурда 35 жеткинчек тарбияланууда. Алар улуттук кол өнөрчүлүк менен алектенип тим болбостон каада салттарды, үрп адаттарды өздөштүрүшүүдө.

“Бирлик айылынын тургуну Гулиса Абдраимова балдарга жүндөн жип ийрүүнү көрсөттү. Элибизде унутулуп бара жаткан бул өнөр балдар үчүн абдан кызык болду. Жайлоодо балдар менен иш алып барууда бир көн экинчи күнгө окшобойт. Балдарга ар тараптуу билим берүү менен улуттук үрп адаттарды үйрөтүп,коопсуздук эрежелери менен да тааныштырбыз”- деди Тескей жайлоосундагы Ак шоола бала бакчасынын тарбиячысы Ильязат Абрасулова.

Жайлоо бала бакчалары атайын даярдалган программалар менен иш алып барат. Программада камтылгандай жеткинчектер жаратылыш менен таанышуу бөлүмүндө жүн кийиз менен иштөө ылайыкташкан. Мына жеткинчектер жүн менен иштөөнүн сырларын үйрөнүштү.
Алсак, жайлоо бала бакчалары жай мезгилинде жыл сайын уюштурулат. Бул демилге 2014-жылдан бери “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду тарабынан башка дагы өнөктөштөр менен бирге ишке ашууда.

Количество просмотров: 75