• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Жээнбеков: Кыргызстандын келечеги-парламенттик системада

31 Жалган куран 2018 18:06 Бишкек Govori.TV

Бишкек.31.03.2018.Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков буга чейин Кыргызстандын келечеги-парламенттик системада экенин билдирген.

 

«Мына дүйнө жүзүн карап көрсөнүздөр, мен 3 чакырылыш депутат болуп, көп мамлекеттерди көрдүм. Эң өнүккөн мамлекеттерди көрдүм. Ошол Туркия деле, Германия деле, көп мамлекеттер парламенттик жол менен туруктуу өнүгүп келген. Президенттик мамлекет болгондорду дагы анализдеп көргөм. Алар бири өнүгүп, бири артка кетип, ар кандай жолду издеп бүгүнкү күндө жүрөт да ушуга чейин. Биздин келечегибиз — бул парламенттик мамлекет. Биз муну кудай каласа, мен турсам, мурунку президенттик бийликти алып келебиз дегендерге, авторитардык үй-бүлөлүк башкарууга мен жол бербейм. Парламенттик башкарууну бекемдеп, ушул система иштеш керек бизде. Иштеш керек. Бизде парламенттик системадан өтөр система жок. Биз ушул жол менен гана өнүгөбүз. Бул дүйнөлүк практикадагы басылып өткөн жол, муну мен ойлоп тапкан жокмун»,-деди президент.

Эскерте кетсек, бүгүн экс-президент Алмазбек Атамбаев Жээнбековду 2040-жылга чейинки стратегиядан парламентеризм тууралуу бөлүктү алып салды деп күнөөлөдү.

 

Количество просмотров: 26