Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинде УКМК, Башкы Прокуратура, ИИМдин ишин сынга алып, коррупция менен күрөшчү кызматтар коррупцияга малынып калганын айтты.
Президенттин сынынан соң УКМК, Башкы Прокуратура жетекчилери кызматтан алынышы керек экендиги айтылууда. Бирок, Президент УКМК башчысы Абдил Сегизбаев менен Индира Жолдубаеваны кызматтан ала албастыгы да айтылууда. Президент эки кызматтын башчысын алуусу конституцияда кандай каралган жана чын эле кыйынбы кызыгып көрдүк.
Конституциянын 64-беренеси 4-бөлүм, 1-пунктуна ылайык Президент Жогорку Кеңештин макулдугу менен Башкы Прокурорду дайындайт. Мыйзамда көрсөтүлгөн продцедуралардын негизинде Жогорку Кеңеш депутаттарынын үчтөн бир бөлүгүнүн макулдугу менен кызматтан бошотот. Жогорку Кеңеш депуттарынын Башкы Прокурорду кызматтан алуусу татаалырак. Ал үчүн жүз жыйырма депутаттын кырктан кем эмеси демилге көтөрүп чыгып, сексен депутат колдогондо гана Башкы Прокурорду кызматтан кетире алышат.
Башкы Прокурорго караганда УКМК башчысын кызматтан алуу президентке жеңил. Конституциянын 64 беренесинин 4-бөлүм, 2-пунктуна ылайык президент УКМК башчысын дайындйт жана бошото алат.
Мындан улам, Президент Сооронбай Жээнбеков Башкы Прокурор Индира Жолдубаеваны өз алдынча ала-албастыгы белгилүү. Ал эми, кызматтан алууну чечкен күндө да Жогорку Кеңеш депутаттарынан колдоо табар-таппасы белгисиз.