• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жээнчороев: Фракция лидери күтүүсүз алмаштырылды

4 Чын куран 2018 18:45 Бишкек Govori.TV

Бишкек.04.04.2018.Govori.TV

Парламенттеги «Республика — Ата Журт» фракциясынын лидерин алмаштыруу күтүүсүз болгонун фракция мүчөсү Мирлан Жээнчороев билдирди. Анын сөзү боюнча Руслан Казакбаев лидерликтен алынганын өзү да мурдатан билген эмес:

Фракциянын жетекчилиги «биримдикти сактоого аракет кылабыз» деп жатат. Бирок Руслан Казакбаев арыз да жазган эмес, үстүнөн кол топтолуп, алынган. Документтерди карап көрсөңүз, ал жерде «алынсын» деп турат, ротация деген маселе болгон эмес. Мен добуш берген жокмун. Анткени мыйзам боюнча кызматка коюуда да, алууда да негиз такталып, адамга ачык-айкын айтылышы керек.

Жээнчороевдин маалыматы боюнча, фракциянын мурдагы лидери Руслан Казакбаев бул тууралуу кол топтолуп бүткөндөн кийин билген.

Руслан Казакбаев “Республика — Ата Журт” фракциясынын лидерлигине өткөн жылдын аягында шайланган. Ал президенттик шайлоодо экинчи келип, кийин кылмыш иши козголгон соң чет өлкөгө чыгып кеткен Өмүрбек Бабановдун ордун ээлеген эле.

Количество просмотров: 42