• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Жеңиш чокусунда 3 казакстандык альпинист изделүүдө

21 Баш оона 2019 11:09 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 21.08.2019.Govori.TV.

Кыргызстандын аймагындагы Жеңиш чокусунда 3 казакстандык альпинист дайынсыз болууда. Бул тууралуу nur.kz. сайты жазды.

Дайынсыз болуп жаткан альпинистердин биринин кызынын айтымында, Мурат Отепбаев жана Андрей Корнеев Жеңиш чокусунда 6600 метр бийиктикте түшө албай калышкан. Ал эми топтун үчүнчү мүчөсү Александр Чечулиндин каза болгону болжолдонууда. 19-август күнү альпинистерди издөө иштерине казакстандын аскерлери дагы тартылган.

«Атайы даярдыктагы аскерлер учууга уруксат алууну күтүп турушкан. Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар Ички иштер министрлигинин комитети тик учак акркылуу 4400 метр бийиктикке көтөрүлүү менен издөө иштерин баштайт”,-деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, кыргыз куткаруучулар альпинистер жоголгон аймактарды карап, туруксуз аба-ырайына байланыштуу издөө ишин токтотууга аргасыз болгон.

Количество просмотров: 17