• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Жеңиш Молдокматов ИИМге суракка чакырылды

6 Бугу 2021 9:23 Бишкек Govori.TV

2020-жылдын күз айында өткөн парламенттик шайлоого “Замандаш” партиясынын жетектеп барган саясатчы Жеңиш Молдокматов Ички иштер министрлигине (ИИМ) суракка чакырылды. Бул тууралуу саясатчы Фейсбуктагы өздүк баракчасына жазды.

Молдокматов билдиргендей, ал 6-майда саат 10:00 мекеменин Тергөө кызматына барышы керек.

“Кайсы маселе боюнча суракка чакырып жатканын так билбейм. Бирок саясатка байланыштуу айткан акыркы пикирлерим себеп болушу мүмкүн. Анткени, Баткендеги куралдуу кагылыш үчүн атайын кызматтын төрөгасы Камчыбек Ташиевдин отставкасын талап кылганбыз. Ага чейин Садыр Жапаров демилге кылган Баш мыйзамдын долбоорун сындап чыкканбыз. Мындан тышкары уу коргошун, казино жана экономикалык жагдайлар боюнча сын айтып келгенбиз. Президенттин кылган иштери аягына чыкпай, баш-аламан болуп жатат. Балким ушуларга байланыштуу болушу мүмкүн”, — деди Молдокматов.

Количество просмотров: 215