• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Молдокматов: «Кемпир-Абадды» коргоо кыймылы түзүлсүн

17 Тогуздун айы 2022 12:44 Бишкек Govori.TV

«Кемпир-Абадды» коргоо комитети же кыймылы түзүлсүн. Мындай сунушуп саясатчы Жеңиш Молдокматов Өзгөндө өткөн Курултай учурунда билдирди.

Ал өз сөзүндө Кемпир-Абад боюнча кийинки элдик курултайды Бишкекте өткөрүүгө аракет кылуу керек экенини айтты.

Белгилей кетсек, 15-октябрда өткөн Курултайдын катышуучулары суу сактагыч жана анын аянтын Кыргызстандын менчигинде калтырууну, Кемпир-Абад суу сактагычына башка жерлерди алмашуу, делимитация жана демаркация иштерин токтотуп, ратификация өткөрбөөнү бийликтен талап кылышты. Делимитация жана демаркация боюнча мамлекеттик комиссияны кайрадан түзүү талабы айтылды.

10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун көпчүлүк добуш менен жактырган. Жыйынга тармактык комитетке мүчө 14 депутаттын 10у катышып, төртөө каршы добуш берген.

Эми документке тең эки өлкөнүн президенттери кол коюп, андан соң Жогорку Кеңеште ратификациядан өтүшү керек. Жыйын жабык өткөн. Андан кийин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек чек арасында Кыргызстанга өттү делген жерлерди атаган.

Жапаров 9-октябрда “Кабар” агенттигине курган маегинде кыргыз-өзбек чек арасы, Кемпир-Абад маселеси тууралуу суроолорго жооп берген. Анда ал талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирген.

Количество просмотров: 182