«GOVORI.TV» мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” долбоорунун алкагында уюштуруп келген айымдардын лидерлик дараметин арттырууга багытталган тренинг бул жолу Ысык-Көлдө өттү.
Бул окутуу тренингине өлкөнүн түндүк жергесиндеги 21 лидер айым чогулду. Алардын катарында жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активист жана жеке ишкерлер бар.
Алардын бири Жеңишкүл Шаршеева бул тренингге келип өзүмдүн кыйын экенимди билдим дейт.
«Мага темасы аябай кызык болду. «Кыйын» десе эле эл мыктыларын элестетебиз да. Бул жактан биз деле кыйын экенибизди билдим. Өзүбүздү баалаганды билишибиз керек экен. Мен өмүр бою тарбиячы болуп иштедим, жүздөгөн балдарды тарбиялап чыгардык. Бул да биздин кыйындыгыбыз экен», — деди ал.