• Шейшемби 21 Бугу 2024
  • Вторник 21 Май 2024

«Же раз на раз чыгалы»… Ырчы менен алып баруучунун чыры

14 Тогуздун айы 2019 15:11 Бишкек Govori.TV

Ырчы, актриса Гүлнур Асанова жеке баракчасына сырдуу пост жазып, кайсы бир алып баруучу, журналисттин дарегине сын айтып, ырдабай эле коюусун суранып, төмөндөгүчө кайрылды.

“Мен бүгүн айласыздан айтканды чечтим. Баягы эле бетке айткан жаным, дагы деле жаман көрүнөт экем. Бирок, мейли. Аттарын айтпай эле коеюн, анча мынча алып баруучулар ырдап жатасыздар….Анынар жакшы, ар тараптуу болгуңар келет. Аны колдойм. Бирок, ырдаардан мурун обонду туура жаттап, бузбай жакшы ырдаңыздар! Кээ бир журналисттин ырдаганын көрдүм, ушуну менен 3-ырды бузуп ырдап жатасыз. Айрыкча салтуу музыкадагы кулакка сиңип калган ырларды ырдаардан мурун бир тарыхына кайрылып коюнуз сураныч. Аны мен эмес ата-бабам жайылтып укмуш ырдап кеткен, анан жаны обонго салып салганыныз эн туура эмес. Себеби биз 7 жыл окуп, бирден-бир жоболордун ( правила) бири : НУКУРА обонду бузбай, оригинал вариантын келечекке жайылтуу деп окуганбыз. Ошого чоң сураныч, этияттап ырдаңызчы урматтуу журналист! Болбосо мен бир маарекеге чыгып, ойду-тоону суйлоп алып баргандай корунуш болуп калып жатат. Мен пока алып баруучулукка аттана элекмин го, билем да өзүмдүн деңгээлимди… Ар бир кесиптин майын чыгарып, профессионалдык көз караш менен жүрсөк, элдин да кулагын бузбайт элек. Ошол, рахмат. Туура кабыл алаарсыз”,- дейт ырчы.

https://www.instagram.com/p/B3jSSZlnyxk/

Ал эми катталуучулар бир ооздон бул пост алып баруучу, жакындан баштап ырдай баштаган Айзада Жамгырчиеванын дарегине жазылган деген пикирлерин калтырышса, өз кезегинде Айзада Жамгырчиева өздүк баракчасына пост жайгаштырды.

“Айланайындар, кыйын экенсиңер бетиме келип айткылачы! Же раз на раз чыгалы…”,– деген чакырык таштады…

https://www.instagram.com/p/B3kKm5dAZBC/
Количество просмотров: 9888