• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

ЖЭБ боюнча соттолгон Өмүркул уулу Нурландын тарапташтары митингге чыгышат

22 Чын куран 2019 18:17 Бишкек Govori.TV

Бишкек.22.04.2019.Govori.TV.


Өмүркул уулу Нурландын тарапташтары Жогорку соттун алдына митингге чыгышат.

Укук коргоочу Таалайбек Айдаров эгерде ЖЭБ маселесин Өмүркул уулу ачыкка чыгарбаса маселе ошол бойдон калып калмак экенин айтты. Ошондой эле укук коргоочу президентке, өкмөт башчыга прокурорго кайрылды.

ЖЭБдин экс-директору Өмүркул уулу Нурландын жубайы ЖЭБдин оңдоо иштери боюнча 2015-жылдан баштап атайын органдарга кат жөнөтүлүп көңул бурулбай, 2017-жылы гана август айында көңул бурулганын айтып, анын жолдошу жалгыз оңдоо иштерин жүргүзө албарын, укугу жоктугун билдирди.

Мындан сырткары көрсөтүлгөн далилдерге биринчи май соту көңүл бурбай койгонун айтты.

Эске салсак, коомчулукта резонанс жараткан ЖЭБдин тегерегиндеги коррупция иштерин алгачкылардан болуп «Govori.TVга» берген маегинде ЖЭБдин мурунку жетекчиси Нурлан Өмүркул уулу айткан.
Мындан соң ЖЭБдеги коррупция иши иликтенип мурунку премьер-министрлер баш болгон бир топ аткаминээрлерге кылмыш иши ачылган.

Бир жылга жакын иликтөө иштеринин жыйынтыгы чыгып, сот 19-апрелде өкүм чыгарды.
Мындан улам коомдо баардык иштерди ачык айтып чыккан Нурлан Өмүркул уулунун 4 жылга камакка алганы адилеттүү чечим болбой калды деген пикирлер жаралды.

Количество просмотров: 13