• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

ЖЭБ боюнча сот иши үзгүлтүккө учурады

27 Үчтүн айы 2020 16:16 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык сотунда Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча сот иши үзгүлтүккө учурады. Буга айыпталуучу, мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун жактоочусу Замир Жоошев түшкү тамактануудан кийин процесске келбей калганы себеп болду.

Ал эми отурумга төрагалык кылуучу судья Ирина Воронцова процессти кийинкиге жылдыруу жана жактоочунун үстүнөн адвокатурага кайрылуу жөнөтө турганын билдирди. Эгер кийинки отурумга жактоочу келбей турган болсо, анда анын ордуна башкасы алмаштырылат.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун жактоочусу Замир Жоошевге байланышканыбызда ал жүйөөлү себептерден улам соттук отурумга катышпай турганын Сапар Исаковго эскерткенин билдирди.

Мындан сырткары, Жоошев ишти карап жаткан судья Жазык-процесстик кодексти бузууда деп эсептейт.

«Сот адегенде жараян башталганын жарыялап, катчы залда отургандар тууралуу билдирип, өтүнүчтөр каралгандан кийин гана сурак кылса болот. Бирок отурмга төрайымдык кылган судья Ирина Воронцова дароо эле Сапар Жумакадыровичти сурай баштады. Экинчиден, Исаков судьялардын көңүлүн конкреттүү документтерге бурууну каалады, бирок судьялардын столунда иштин материалдары жок. Судьянын аракети кодекстин 302-305-беренелерине каршы келет»,-деди Жоошев.

Эске салсак, жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупция боюнча былтыр 6-декабрда Бишкек Свердлов райондук соту мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиевди 15 жылга кескен.

Количество просмотров: 102