Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тууралуу кылмыш ишин кароо уланууда. Процесс судья Инара Гилязетдинованын төрагалыгы алдында өтүүдө. Бүгүн Улуттук энергохолдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев ЖЭБди модернизациялоодо кеткен каражаттын чыгымына кайрадан экспертиза жүргүзүүнү өтүндү. Судья өтүнүчтү четке кагып, Кыргызстанда тиешелүү эксперттер жок экенин айтты.
«Ал эми чет жерден экспертиза жүргүзүү кооптуу, аны ким жана кантип жасайт белгисиз», — деди Инара Гилязетдинова. Ал бул процесс узакка созулаарын жана кымбат экенин дагы баса белгиледи.
Бүгүн соттук отурумда айыпталуучулар суракка алынат. Биринчи болуп мурунку өкмөт башчы Сапар Исаков сурак берет.
Булак: 24kg