Бүгүн, 6-декабрда Бишкектеги Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөдөгү коррупцияга байланыштуу сот өкүм чыгарды.
Ага ылайык, мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковду 15 жылга, мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевди 7 жыл 6 айга, “Улуттук энергетикалык холдингдин” мурдагы башчысы Айбек Калиевди 15 жылга, “Электр станциялары” ААКсынын мурдагы башкы директору Салайдин Авазовду 11 жыл 3 айга, Электр станциялары” ААКсынын Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Бримкуловдун 2 жыл 6 айлык абак жазасын чектеди. Мурдагы депутат Осмонбек Артыкбаевге 5 млн сом айып салып, сот залынан бошотуу чечими, мурдагы каржы министри Ольга Лаврованы үй камагына калтыруу чечими чыкты.
Эске салсак, бүгүн соттолуучуларга акыркы сөз берилип, алар баары тең күнөөсү жок экенин айтышты.
Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков ЖЭБди оңдогону үчүн сыймыктанарын айтты. Экс-премьер Жантөрө Сатыбалдиев абийири Мекенинин, бала-бакырасынын алдында таза экенин билдирди.
Прокурорлор сот жараянында буга чейин эркиндикте жүргөн мурдагы финансы министри Ольга Лаврованы сот залынан камакка алып, аны 7 жылга эркинен ажыратууну соттон өтүнүшкөн.
Сапар Исаковго 15 жылдык жаза мөөнөтүнөн тышкары анын үй-мүлкүн конфискациялап, дипломатиялык рангы менен «Манас» орденин алып салууну сунуш кылган.
Айыптоочу тарап «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы жетекчиси Айбек Калиевге 17 жылдык жаза мөөнөтүнөн сырткары андан Ардак грамотасы менен «Даңк» медалын алып салып, ТВЕА компаниясынан алынган автоунааны сатуудан түшкөн 1 миллион 627 миң сомду өндүрүүнү суранган.
Жантөрө Сатыбалдиевди, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазовду, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаровду жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкуловду 11 жылга кесип, үй-мүлкүн конфискациялап, мамлекеттик сыйлыктары менен наамдарынан ажыратууну өтүнгөн.