• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Адвокат: ЖЭБ маселесинде О. Артыкбаевдин күнөөсү жок

10 Чын куран 201917:38 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 10.04.2019. Govori.TV.

Бүгүн, 10-апрелде Свердлов райондук сотунда Бишкек Жылуулук электр борбору боюнча козголгон негизги кылмыш ишине байланыштуу соттук отуруму болду, сот кызматкерлери менен шектүүлөрдүн тарапташтарынын ортосунда пикир келишпестиктер орун алган. Сот кызматкерлери отурум өтө турчу залдын тардыгын жүйө кылып журналисттерди отурумга толук киргизбей коюшкан.

Бул иштин алкагында айып коюлган аткаминээрлердин арасында Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы энергетика министри  Осмонбек Артыкбаев бар. Анын тарапташтарынын айтымында ал мындай мыйзам бузууга бармак эмес.

Осмонбек Артыкбаевге жакында эле операция жасалганы белгилүү. Анын жактоочусунун айтымында Артыкбаевдин күнөөсү далилденген эмес жана ЖЭБ боюнча сүйлөшүүлөр ал кызматка дайындала электе эле башталган.

ЖЭБдеги коррупция ишине шектелген аткаминээрлердин баарынын ишин чоогу кароо туура эмес болуп жатканы айтылды. Алардын ар биринин иши кылдаттык менен териштирип, айрымдарынын ден соолугуна да көңүл бурулуусу керектиги баса белгиленди.

Количество просмотров: 29