• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

ЖЭБ соту. Сапар Исаков жарыш сөз сүйлөп жатып ыйлап жиберди

3 Бештин айы 201914:40 Бишкек Govori.TV

Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тууралуу кылмыш ишин кароо уланууда. Процесс судья Инара Гилязетдинованын төрагалыгы алдында өтүүдө.

Тараптардын жарыш сөзүнө кезек берилди. Мурунку өкмөт башчы Сапар Исаков сөз сүйлөдү. Эки саатка жакын созулган сөзүндө ал ЖЭБди модернизациялоо тууралуу баштан аяк айтып берип, акырында бир жарым жыл мурун мен мени калпычы кылып коюшат деп эч ойлогон эмесмин деген сөзүн айтып ыйлап жиберди. Ага сот залында олтурган жакындары колдоо көрсөтүштү.

«Мени жана башкаларды актоону суранам. Андай болбой калса, менден башкасын кое берүүнү өтүнөм, себеби негизги максат мен да. Мени камоо үчүн башкаларды да камашты. Мындан тышкары, унааны калтырап коюну өтүнөм, себеби төрт кызым бар, жубайым аларды бала бакчага жана мектепке алып барат, унаасыз аларга оор болот» , — деди Исаков.

Мындан тышкары, мурунку өкмөт башчы, «баары өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн иштеген, ЖЭБди пайдаланууга берип, Кыргызстан энерго көз карандылыктан арылсын деген гана тилек эле. Мен эч кимди күнөөлөбөйм, анткени ар бирибиз долбоордо активдүү иштеп, өлкөгө пайда алып келели дегенбиз. Жыйынтыгында биз темир тор артында калдык», — деди.

Эске алсак, мамлекеттик айыптоочу мурунку премьер-министр Сапар Исаковду 15 жылга эркинен ажыратууну суранды. Алардын айтымында, айыпталуучунун күнөөсү иштин материалы жана күбөлөрдүн көрсөтмөсү менен далилденди.

Количество просмотров: 42