• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

ЖЭБдеги авариядан жабыркаган 2 адамдын абалы оор

2 Бирдин айы 2024 10:05 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 2-февралда Саламаттык сактоо министринин орун басары Медербек Исмаилов ЖЭБдеги авария учурунда жабыркаган жарандардын абалы тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, алардын абалы оор деп бааланууда.

«Тез жардам кызматына саат 3:23 чамасында жабыркагандар боюнча билдирүү түшкөн. Жалпы беш адам жабыркаган, үчөө ооруканага жаткырылды. Жабырлануучулардын үчөө өрттөн 1, 2 жана 3-даражадагы күйүк алган. Алардын экөөнүн бети, моюну жана тулку бою, буттары, тактап айтканда, денесинин 80%ы күйгөн. Экөө тең оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Үчүнчү жабырлануучу эки колунан 1, 2 жана 3-даражадагы күйүк алган — 10%ы күйгөн. Ал да ооруканага жаткырылып, абалы орточо оор деп бааланууда.

Төртүнчү жабырлануучу тизесинен жаракат алган, абалы канааттандырарлык, ооруканага жатуудан баш тарткан. Ал эми бешинчи жабырлануучуга иске ууланган деген диагноз коюлуп, ал дагы амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү», — деди ал.

Количество просмотров: 153