Бишкек.19.04.2019.Govori.TV.
19-апрель күнү Биринчи май райондук соту Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) кырсыкка алып келген көрүнүштөр боюнча айыпталуучуларга чечим чыгарды.
Бул иштин алкагында айып коюлгандардын арасынан А. Калиев, Н. Курманбеков, Н. Сыдыков, У.Кыдырбаев, Н. Өмүркул уулунун жакындары соттук отурумга аягына чейин катышты.
ЖЭБдеги өндүрүштүк кырсык боюнча жогоруда аты аталган 7 адамды сот күнөөлүү деп тапты.
«Улуттук энергетикалык холдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев — 2,5 жыл жана 100 000 сом айыпка кесилди.
«Улуттук энергетикалык холдинг» компаниясынын төрагасынын мурдагы орун басары Нурлан Садыков — 2,5 жыл жана 100 000 сом айыпка кесилди.
«Электр станциялар» компаниясынын мурдагы башчысы Узак Кадырбаев — 4 жылга кесилди 150 000 сом айыпка жыгылды. Ал сот залынан эле камакка алынды.
«Электр станциялар» компаниясынын башчысынын орун басары
Бердибек Боркоев — 8 жылга кесилди жана 150 000 сом айыпка жыгылды.
ЖЭБди модернизация долборунун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов — 2,5 жыл жана 100 000 сом айыпка кесилди.
ЖЭБдин мурдагы башчысы Нурлан Өмүркул уулу — 4 жылга кесилди жана 150 000 сом айыпка жыгылды. Ал сот залынан эле камакка алынды.
ЖЭБдин мурдагы башкы инженери Нургазы Курманбеков
4 жылга кесилди жана 150 000 сом айыпка жыгылды. Ал сот залынан эле камакка алынды
ЖЭбдеги өндүрүштүк кырсык боюнча сот 2018-жылдын 12-октябрында башталган.
Бишкек ЖЭБиндеги жагдай боюнча жалпысынан беш кылмыш иши козголгон. Негизги иш — модернизациялоодогу коррупцияга байланыштуу экс-премьер-министрлер Сапар Исаков жана Жантөрө Сатыбалдиев баштаган сегиз кишиге айып коюлган.
2018-жылдын 26-январында Бишкек ЖЭБиндеги суу бөлүштүрүүчү жабдуу иштен чыгып, 20 градустан ашкан катуу суукта абоненттер беш күн бою жылуулуксуз калган. Бул кырдаал андан жарым жыл мурда модернизацияланган жылуулук борборуна карата сынды күчөтүп, Кытай берген 386 миллион доллардын сарпталышы боюнча элдин нааразылыгын жараткан.