• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

ЖЭБти модернизациялоону Сапар Исаков чечкен

14 Бирдин айы 2019 13:17 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 14.02.2019. Govori.TV

ЖЭБти модернизациялоо чечимин Сапар Исаков кабыл алган. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңеште Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов билдирди.

Анын айтымында, жабдуулар дагы Сапар Исаковдун көрсөтмөсү боюнча сатылып алынган.

«Жылуулук электр борборунун 90 пайызын 50 миллион долларга модернизацияласа болмок, ага 380 миллион доллар кеткен», — дейт ал.

Өткүрбек Жамшитов, айыптуулар азыр өзүн баатыр катары көрсөткүсү келип жатканын белгиледи.

«ЖЭБтеги аварияда алар өлкөнү кырсыктан сактаганын айтышууда. 380 миллион долларга модернизация болгон эки жылыткыч блок кантип шаарды жылуулук менен камсыз кыла албай калды», — деди Башкы прокурор.

Количество просмотров: 24